Президент Алмазбек Атамабевдин бүгүн чыгарган буйругуна ылайык, Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.
Илмиянов буга чейин Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. Быйыл жазында кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны өзү тууралуу ар кандай имиштерге негиз бербөө максатында барганын белгилеген. Акыркы кезде Илмияновдун аты “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатакка байланыштуу айтылып жаткан. (КЕ)