Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

Баткен: Исхак Раззаков эскерилди


Исхак Раззаков
Исхак Раззаков

Баткен облусунун Лейлек районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер, “Кыргыз Эл Баатыры” Исхак Раззаковдун 105 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияга Кыргызстан менен Тажикстандан жогорку окуу жайлардан өкүлдөр катышты. Иш- чарада Исхак Раззаков Кыргызстандын жетекчиси болуп турган мезгилден баштап, өлкөнүн өнөр жайы, айыл чарбасы, билим берүү, медицина, маданият жана башка тармактарды өнүктүрүүдө, Кыргыз мамлекетинин пайдубалына негиз салып, түптөөдөгү орду эскерилди.

Жыйынтыгында ЖОЖдордогу жана мектептердеги мыкты студент окуучулар үчүн Исхак Раззаков атындагы стипендия киргизүү, Раззаковдун учурдагы жетекчилерге колдонмо-сабак болорлук жетекчилик принциптерин жана методдорун үйрөнүп, пайдаланууга алуу, Исхак Раззаков менен тажикстандык Бобожон Гафуровдун үлгүсүндө чек арада жайгашкан айылдары достоштуруу чараларын өткөрүү, жылына бир жолу түрдүү деңгээлдеги жетекчилер үчүн Исхак Раззаков атындагы төш белги жана сыйлык ыйгаруу сунуштары менен резолюция кабыл алынды. (JsA)

XS
SM
MD
LG