Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын дайындаган буйругун чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык Темир Сариев - премьер-министр, Аалы Карашев 1-вице-премьер-министр, Гүлмира Кудайбердиева жана Олег Панкратов вице-премьер-министр, Нурханбек Момуналиев өкмөт аппаратынын башчысы, Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри, Мелис Турганбаев ички иштер министри, Жылдыз Мамбеталиева юстиция министри, Адылбек Касымалиев каржы, Турдуназир Бекбоев айыл чарба жана мелиорация, Аргынбек Малабаев транспорт жана байланыш министри болуп дайындалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кубатбек Боронов, билим берүү жана илим министрлигине Элвира Сариева, саламаттыкты сактоого Талантбек Батыралиев, маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтов, Кудайберген Базарбаев социалдык өнүктүрүү министри болуп бекитилди.

Жогорку Кеңеш бүгүн премьер-министр кызматына Темир Сариевдин талапкерлигин жактырган. Мындан сырткары ал сунуштаган өкмөттүн курамын жана программасын бекитти. Баш мыйзам боюнча президент үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган премьер-министрди жана өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG