Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

Ирактын мурдагы министри соттолду


Ирактагы жемкорлукка каршы нааразылык
Ирактагы жемкорлукка каршы нааразылык

Багдаддын соту Ирактын мурдагы экология министри Саргон Лазар Слеваны 2 жыл абак жана 250 миң айып пул төлөө жазасына тартты. Слевага коррупция беренеси менен иш козголгон.

Ага карата айыптоолордун чоо жайы так айтыла элек. Слева 2014-жылы мөөнөтү аяктаган мурдагы өкмөт башчысы Нури аль-Маликинин тушунда иштеген христиан дининдеги министр эле.

Ирактын азыркы өкмөт башчысы Хайдар аль Абади ушул жылдын август айында өлкөдө коррупцияга каршы массалык акциялар болгондон бери жемкорлук менен күрөштү баштаган.

XS
SM
MD
LG