Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

ФИФА рейтингинде Кыргызстан 22 тепкичке жогорулады


Футбол боюнча улуттук курама командалардын ноябрь айына карата рейтинги.
Футбол боюнча улуттук курама командалардын ноябрь айына карата рейтинги.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) ноябрь айына карата жаңыланган кезектеги рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эсебиндеги 277 упай менен 22 тепкичке жогорулап 124-катардан орун алды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайтында маалымдалган. Коңшу Казакстандын улуттук курама командасы 11 сапка жогорулап кыргыз курамасынан 7 сапка артта калып 131-орунду ээледи.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы октябрь айында 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында эки оюн өткөрүп тажикстандыктар менен 2:2 эсебинде тең ойноп, бангладештик атаандаштарын 2:0 эсебинде жеңип алган.

Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарында башкы атаандаш саналган Австралия курамасы 2 тепкич ылдыйлап 60-катардан орун алды. Удаасы менен эки жолу жеңишке жеткен иорданиялыктар 82-сапта. Бишкекте кыргыз футболчулары менен тең ойногон Тажикстандын оюнчулары 160-орунда жайгашты. Бангладеш 2 тепкич жогорулап 182-орундан 180-катарга көтөрүлдү.

ФИФА рейтингинде айдын мыкты командасы деп 39 орунга жогорулап 136-катарды ээлеген Чад курамасы аталды. Судан курамасы 44 тепкич ылдыйлап 128-орунду ээлеп айдын эң начар көрсөткүчүнө ээ болгон команда болуп калды. Тарыхында алгачкы жолу Бельгия курамасы рейтингде көч башын жетектеди. Алдыңкы үч команданын катарын Германия жана Аргентина курама командалары толуктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG