2015-жылы Америка Кошмо Штаттарынан башпаанек сураган Орусия жарандарынын саны 50 % көбөйгөнү маалым болду. Бул акыркы 20 жылдын ичиндеги эң чоң көрсөткүч. Орусиялыктардын мекенинен кетүүсүнө өлкөдөгү саясий чектөөлөр, коррупция жана кумсаларга карата дискриминация себеп болууда.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматында, 2015-жылы 1 454 Орусия атуулу АКШ өкмөтүнөн расмий баш калка сурап кайрылган. Ал арада бүгүн чет элде жашаган орус улутундагылардын конгрессинде сөз сүйлөгөн Владимир Путин:
-Биз Крым менен Севастополду бириктирүү учурунда силердин тилектештигиңерди сездик. Орусияны чет элде жашап, колдогон журтташтарыбыздын бекем эркин, ишенимин көрсөтүп, бизге чоң дем берди. Албетте, бул орус коомчулугунун дүйнөдө ынтымагына жол ачты, - деди.