Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

2017-жылга чейин Европага үч миллионго чукул мигрант барат


Европа биримдигине 2017-жылга чейин үч миллионго чукул мигрант кирип, калкы 0.4 пайызга көбөйөрү божомолдонууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин маалыматына ылайык, күн сайын Түркия аркылуу Европага орто эсеп менен беш миң качкын өтүүдө.

Жер Ортолук деңизинен Европага быйыл болжол менен 760 миң качкын өткөн. Алардын көбү Сирия, Ооганстан, Ирак жана Африкадагы согуштан, жакырчылыктан качкандар. Качкындардын басымдуусу Германиядан баш паанек табууну максат кылышууда.

XS
SM
MD
LG