Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кадамжайдагы Майдан айыл өкмөт тургундары бийликке кайрылышты


Жүздүн тегерегинде адам кол койгон кайрылууда айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел-Алма көмүр кенинде мыйзамсыз түрдө көмүр казылып, мамлекетке жана экологияга зыян келтирилип жатканы белгиленген. Кайрылууда “Беш-Арча” компаниясына көмүр кенин изилдөөгө гана лицензия берилгени, бирок ал жерде миң тонналап көмүр казылып сатылып, мамлекетке, жергиликтүү бюджетке эч кандай салыктар төлөнбөй жатканы айтылган.

Бул факты баарына белгилүү болсо да тийиштүү органдар тарабынан чаралар көрүлбөй жатат, ошондуктан кенди мамлекетке кайтарып алуу талабы коюлган. 5-ноябрда келип түшкөн кайрылуу президентке, Башкы прокуратурага жана УКМК башчысына жолдонгон.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Бел-Алма көмүр кени изилдөөгө гана берилгенин “Азаттыкка” билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG