Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:09

Келдибеков: Мамлекеттин акчасын уурдаган эмесмин


Акматбек Келдибеков, 2014
Акматбек Келдибеков, 2014

Бул тууралуу экс-спикер Акматбек Келдибеков «Азаттыкка» билдирди. Ал мамлекеттин бир да тыйынын энчилеп албаганын айтып, тергөөчүлөр күнөөсүн далилдей албаганын белгиледи.

Ушул тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Келдибековдун иши каралганы жатат. 3-ноябрда сотто мамлекеттик айыптоочу-прокурор Акматбек Келдибековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну талап кылган. Бугункү соттук жараянда тараптардын жарыш сөзү уланат жана өкүм чыгары күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков Салык кызматын жетектеп турган мезгилде финансылык мыйзам бузууларга барган, Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде парламент өкүлчүлүгүн Москвада мыйзамсыз ачкан, деп айыпталууда. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG