Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Аял депутаттардын алгачкы форуму өтүүдө


Бул тууралуу 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке келген аял депутаттардын алгачкы форумунда сөз болду. Анда депутат Айнуру Алтыбаева форумдун төрайымы болуп шайланды. Депутат айымдар бир катар социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде эне, баланын өлүмүнө жана экологиялык маселелерге көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңеште 24 аял депутат бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл тогуз айда өлкө боюнча 2275 ымыркай чарчап калган. Бул өткөн жылга салыштырганда 9 % аз. Былтыр бир жылда 66 эне төрөт маалында жана андан кийин каза болсо, быйыл тогуз айда 48 зайып жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Мындан сырткары балдарга карата зомбулукту кыскартуу багытында иш алып бармай болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG