Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Бишкектеги Т.Эрматов атындагы музыкалык педагогикалык коллежинде акча кымырып алуу фактысы аныкталган. Натыйжада бюджетке 7,2 млн. сом зыян келтирилген. Маалыматка ылайык, окуу жайдын кызматкерлери 2013-2015-жылдары иштебеген адамдарга айлык акы жаздырып, 423 миң сом жаздырып алган.
Ошондой эле өкмөт токтомун, “Айкалыштырылган эмгекти жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү боюнча бекитүү тууралуу жобону” бузуп, мыйзамсыз 2 млн. 53 миң сом төлөп беришкен. Мындан сырткары иштебеген убактысына жана өткөрүү сааттына 4 млн. 657 миң сом сумма төлөнгөн. Окуу жайы мыйзамсыз ижарага берилген, натыйжада 80 миң сом ижара акысы алынган эмес.
“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)