Бүгүн Бишкектеги Октябрь райондук соту мурдагы депутат Урмат Аманбаевага байланыштуу ишти карады. Мамлекеттик айыптоочу аны 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүүнү сурады. Бул тууралуу адвокат Жыргалбек Бабаев “Азаттыкка” билдирди.
-Биз бул жасалма ачылган кылмыш иши экенин, Аманбаеванын аракетинде кылмыштын курамы жок экенин айттык.
Аманбаева Ош шаарында кургак учукка каршы ооруканада эсепчи болуп иштеп турганда ири суммада акчаны жымырып алган, деген айып менен соттолууда. Өзү бул айып негизсиз экенин айтып келет. Кийинки соттук отурум 13-ноябрда уланат. Бул күнү соттун өкүмү чыгышы мүмкүн. (КЕ)