Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Келдибековдун соту 12-ноябрга жылдырылды


Акматбек Келдибеков, 6-ноябрь, 2015-жыл
Акматбек Келдибеков, 6-ноябрь, 2015-жыл

Бүгүн Биринчи Май райондук соту экс-спикер Акматбек Келдибековго байланыштуу ишти карады. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү улантылды. Адвокаттар эки эпизод боюнча анын күнөөсү далилденбегенин айтышып, актоону соттон суранышты.

Буга чейин Келдибеков “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, мамлекеттин акчасын уурдабаганын айткан.

3-ноябрда сотто мамлекеттик айыптоочу Акматбек Келдибековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков Салык кызматын жетектеп турган мезгилде финансылык мыйзам бузууларга барган, Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде парламент өкүлчүлүгүн Москвада мыйзамсыз ачкан деп айыпталууда. Мунун айынан мамлекет ири суммада зыян тартканы белгиленген. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG