Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Кара-Сууда төрт адам иске ууланып мерт болду


Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, Нариман айылындагы Абдулахатовдордун үй-бүлөсү уктар алдында үй ичиндеги мешке көмүр жагып жатышкан. Натыйжада түнү менен чала күйгөн көмүрдүн исине 55 жаштагы Абдухалил Абдулахатов, анын жубайы 54 жаштагы Робия Тургунбаева жана неберелери Гүльсанам Абдулахатова, Изатилло Яркинбаевдер ууланып каза болушкан. Факт боюнча иликтөө уланууда.

Кечээ күнү да Кара-Суу районунун Ак-Колот айылынын тургундары, бир үй-бүлө мүчөлөрү 29 жаштагы Гүлүмкан Сулайманова, анын алты жаштагы кызы Мадинанын жана 4 жаштагы уулу Раатбектин сөөктөрү өз үйүндө табылган.

Ош областынын жана Ош шаарынын аймагында суук күндөрү көмүрдөн чыккан газга ууланып каза болгон учурлар жыл сайын орун алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG