Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Обама орусиялык учак терракттан улам кулаган болушу мүмкүндүгүн четке какпайт


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

АКШнын президенти Барак Обама Египеттеги Шарм-эль-Шейх курортунан учуп, Синай жарым аралында кулап түшкөн учактын кыйрашына бортко салынган бомба себеп болушу мүмкүн деген версияны четке какпайт.

Бул тууралуу ал бейшембиде берген радиоинтервьюда билдирди.

“Албетте, азырынча бизде бир бүтүм, жооп жок. Биз терракт болушу мүмкүн деген версияны четке какпайбыз жана бул нерсеге өтө олуттуу көз караштабыз. Ошентсе да жыйынтык чыгаруудан мурда биздин инспекторлордун жана чалгын кызматынын иштеринин аякташын күтөлү”-деп билдирди Обама.

Ал эми Британиялык атайын кызматтар Синайда кулаган “Когалымавиа” авиакомпаниясына караштуу А321 учагына жардыруучу зат асманга көтөрүлөр алдында салынышы ыктымалдыгын болжолдошууда.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, америкалык авиакомпаниялар Шарм-эль-Шейхке аба каттамдарды жүргүзбөйт. Египет бийликтеринин маалымдашынча, бейшембиде Шарм-эль-Шейхтин аэропортуна Орусиянын 23, Украинанын үч, Италиянын үч жана Белгиянын бир учагы конду.

31-октябрда кыйраган учак Египеттин Шарм-эль-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан. Кырсыктан 224 адам набыт болду. Жакындары тааныган маркумдардын сөөгү жерге берилди. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Орусиялык жана египеттик адистер учакты кыйроого алып келген жагдайларды иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG