Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Сариев көмүр кениндеги кырсыктын себептерин териштирүүнү тапшырды


Таш-Көмүр шаарынын четинде өз алдынча көмүр казгандар
Таш-Көмүр шаарынын четинде өз алдынча көмүр казгандар

Премьер-министр Темир Сариев Кара-Суу районундагы көмүр кениндеги кырсыктын себептерин териштирүүнү тапшырды. Бүгүн премьер-министр Темир Сариев өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга Кара-Суу районундагы Кожокелен айылындагы көмүр кенинде үч адамдын өмүрүн алган кырсыктын себептерин териштирүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы аталган кендеги техникалык- коопсуздук эрежелери сакталышы боюнча иликтөө жүргүзүү менен кенди иштеткен ишкана жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Ошондой эле ички териштирүүнүн негизинде техникалык коопсуздук эрежелерине тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөн кызматкерлерге карата чара көрүү зарылдыгы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-ноябрда Кожокелен айылындагы “Кайнар” көмүр кениндеги үч адамды топурак басып калган. Кырсык кесепетинен үч адам каза болгон, алардын экөө мектеп окуучусу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG