Түркиянын Анталия шаарында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катыштыгы бар деген шек менен 20 адам кармалды. Алардын экөө Орусиянын жарандары экени белгилүү болду. Жергиликтүү полициянын ырасташынча, антитеррористик рейд маалында кармалган бул адамдардын азыр "ИМ" радикал тобу менен байланышы иликтенүүдө.
Туристтер арасында өзгөчө популярдуу болгон бул шаардагы рейд 15-16 ноябрда өтө турган G20 саммитин утурлай жүрдү.
Кечээ Түркия Ирактагы экстремисттерге каршы атайын аскерий операция даярдап жатканы маалым болгон. Буга чейин түрк куралдуу күчтөрү Сириядагы күрт топторунун турумдарына сокку уруп келишкен.
Түркиядагы антитеррордук рейддер октябрь айынын башындагы Анкарадагы 100дөн ашык адамдын өмүрүн алган жардыруулардан соң күчөтүлдү.
Күрттөрдүн таламын талашкан уюмдар жана профсоюздар уюштурган жүрүш учурундагы бул терракт үчүн президент Эрдоган Сириянын чалгын кызматтарын жана күрт согушкерлерин айыптап, алар "Ислам мамлекети" тобу менен бирге иштешкенин айткан болчу.