Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

7-ноябрдын аба ырайы


Шашылыш эскертүү

2015-жылдын 6-ноябрынан 9-ноябрына чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-138 чакырымдары) авто унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13 градус жылуу, кечке маал 0...5 градус,

Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10,

Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...13,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8.

7-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз ала-булут каптап турат, кечинде бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1 граудус сууктан…1 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус жылуу болуп, кечке жакын 3 градуска чейин төмөндөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG