Президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата позитивдүү жарандык позициясы менен айырмаланган бир катар медиа-долбоорлордун авторлорун өлкөнүн журналистикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн акчалай сыйлык менен сыйлады.
Алардын катарына “Азаттык” радиосунун кабарчысы Шайлообек Дүйшеевдин “Сөз дайра” берүүсү да бар. Ошондой эле Азамат Тынаевдин “Журналистика мектеби” долбоору, АКИпресс агенттигин «Турмуш» рубрикасы жана башкалар кирген.
Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен медиа-долбоорлордун авторлоруна 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов тапшырды.
Аземден соң анын катышуучулары маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелигине гүл коюшту.
Публицист, акын Шайлообек Дүйшеев Павлюкка коюлган эстелик кыргызстандыктарга, журналисттерге чынчылдыгы жана чындык үчүн адамдар майып болуп, атургай өлтүрүлгөн мезгилдер өткөндүгүн жана сөз эркиндиги сыяктуу баалуулукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууну эске салып турарын баса белгиледи.