Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Лавров: Минск келишими толук аткарылмайынча узартыла берет


Орусиянын, Германиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери.
Орусиянын, Германиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери.

Орусиянын тышкы иштер министринин айтымында Украинадагы саясий реформалардын мөөнөтүнө ылайык “Минск-2” сүйлөшүүлөрү 2016-жылы да узартылышы ыктымал.

Бул тууралуу Сергей Лавров Берлинде өткөн Германия, Франция, Украина жана Орусия кирген “нормандиялык төрттүктүн” жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында билдирди.

“Украина Донбасстагы шайлоолор боюнча мыйзамдын текстин иштеп чыгыш керек, ал кабыл алынган соң 90 күндөн кийин гана шайлоо өтөт. Мунун баарын жыл аягына чейин аткарып жетишпейбиз. Ошондуктан Минск-2 сүйлөшүүлөрү, албетте, кийинки жылга калат - деген Лавров кийинки жолу Парижде өтө турган “төрттүктүн” сүйлөшүүлөрүндө да Донбасттагы жергиликтүү шайлоолорго, реформаларга жана мунапыстарга басым жасаларын кошумчалады.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын чыгышындагы абал кыйла жакшырып калганын, бирок бул жетиштүү эмес экенин билдирди.

Ок атышууну токтотуу жана майдан тилкесинен оор куралдарды алып кетүү украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер 15-февралда Минскиде кол койгон келишимдин башкы шарттары эле.

2014-жылдын апрель айынан бери украиналык өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын кагылушууларынан сегиз миңге жакын адам набыт болду. Алардын басымдуу бөлүгү жай тургундар.

XS
SM
MD
LG