Орусиялык мурдагы аткаминер, басма сөз, телекөрсөтүү жана радио боюнча экс-министр, “Газпром-медиа Холдингдин” мурдагы башчысы Михаил Лесиндин сөөгү 7-ноябрда Вашингтондогу мейманканалардын биринен табылган. Азырынча анын эмне себеп менен АКШда жүргөнү тууралуу маалымат жок. Ошондой эле Лесиндин өлүмүнүн себеби да белгисиз.
Учурда Лесиндин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштерин Вашингтон полициясы жүргүзүүдө.
Орусиянын АКШдагы элчилиги иликтөө иштерине орусиялык күч кызматтары да киришкенин маалымдады.
Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары аны жүрөгү кармап каза болду деп жазып чыгышты.
Михаил Лесин 58 жашта болгон.(ZKo)