Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Бабанов: Биздин фракция жалгыз оппозициялык фракция


Бул тууралуу “Республика Ата-Журт” фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов парламентте комитет төрагаларын шайлоодон кийин билдирди. Ал өзү жетектеген фракция 28 мандаты бар туруп, бир да комитетке төрага боло албаганына нааразылыгын билдирди.

Парламенттин структурасы түзүлүп жаткан учурда “Республика Ата-Журт” фракциясынан коюлган талапкерлер депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ боло алган жок. Аталган фракция Жогорку Кеңеш спикеринин орун басарлыгына да ээ боло алган эмес.

Социал-демократтар фракциясы Жогорку Кеңештеги үч комитетке төрагалык кылат, “Кыргызстан” фракциясы менен оппозициядагы “Бир Бол” фракциясы экиден комитетке, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары бирден комитетке төрагалык кылышат. Жалпысы болуп парламентте тогуз комитет бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG