Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Кара-Сууда шахтада өлгөндөрдүн себеби иликтенет


Шахтадагы үч кишинин өлүмүнүн себебин иликтөө үчүн өкмөт башчы Темир Сариев Мамлекеттик экотехинспекция кызматына тапшырып, бул үчүн үч күн мөөнөт берди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, премьер-министр мындай кайгылуу окуя кайталанып жаткандыгын белгилеп, көмүр казып алууда техникалык коопсуздук сакталбаганы үчүн адам өлүмү болуп жатканын эскертти. Сариев ошондой эле кишилер өлгөн Кайнар шахтасы кимге тиешелүү экенин аныктоону тапшырып, айыптууларга кылмыш ишин козгоону милдеттендирди.

5-ноябрь күнү Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айлындагы Кайнар көмүр шахтасында үч киши набыт болгон, экөө мектеп окуучусу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG