Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Бишкекте коммунисттер Октябрь революциясын эскеришти


В. Лениндин Бишкектеги эстелиги
В. Лениндин Бишкектеги эстелиги

Бишкекте коммунисттер Эски аянттагы Лениндин эстелигинин алдына чогулуп, гүлчамбар коюшту. Андан кийин Владимир Ленин, Октябрь революциясы тууралуу салтанаттуу сөздөр айтылды. Митинг-реквиемге Коммунисттик партиянын мүчөлөрү, студенттер, окуучулар катышып, колдорна кызыл желек, коммунисттик ураандар жазылган баракчаларды кармап турушту.

Эскерүү Коммунисттик партия тарабынан уюштурулуп, партиянын лидери Исхак Масалиев митингде сөз сүйлөдү.

Октябрь революциясы жеңген күн 7-ноябрь Кыргызстанда кызыл дата болуп саналып, мурдагы союздук республикалардын ичинен Кыргызстанда гана майрамдалат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG