Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

“Сүтак" тасмасы Болливуд фестивалында байгеге ээ болду


"Сүтак" тасмасы
"Сүтак" тасмасы

Кыргызстандык жаш режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан “Сүтак” тасмасы жакында Индияда өткөн Jio Mami Mumbai фестивалында экинчи орундагы байгеге ээ болду. Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова маалымдады. Jio Mami Mumbai фестивалына дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 15 кинокартина сунуш кылынган.

“Сүтак” буга чейин да бир нече эл аралык кароо-сынактарда байгелүү орундарды багындырган. Учурда Германиядагы кинофестивалга катышууда. Аталган тасма ошондой эле Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты чет элдик тасма” багыты боюнча да ат салышары кабарланган.

“Сүтак” тасмасында Кыргызстандын элет жериндеги көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG