Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Беш айлык тажик наристенин өлүмүнүн себептери айтылды


Умарали Назаров
Умарали Назаров

Полиция участогунда энесинен мажбурлап бөлүүдөн кийин бир нече саат аралыгында чарчап калган тажик наристеси Умарали Назаровдун өлүмү боюнча Питердеги соттук-медициналык экспертиза тыянагын чыгарды. Анда бала өпкө-жүрөк органдарындагы вирустук инфекциядан улам каза болду деп жазылган. Ошондой эле экспертизанын тыянагында баланын ички органдары жабыркаганы да айтылган. Бирок баланын ата-энеси жана алардын адвокаты соттук-медициналык экспертизанын тыянагы менен макул эместигин билдиришүүдө. Алар беш айлык Умарали полициянын колунда калганга чейин куландан соо болгонун, муну баланын туулгандан берки медициналык китепчесиндеги маалыматтар жана ошондой эле “Тез жардам” дарыгерлеринин, Цимбалин ооруканасынын доктурларынын жазгандары да далилдеп турганын айтып жатышат.

Беш айлык Умарали Назаров энесинен полиция участогунда ажыратылып, өзүнчө калтырылгандан бир нече сааттан соң чарчап калган. “Новая газета” баланын өлүмү ага тамакты туура эмес бергенден болушу ыктымалдыгын жазган.

Экспертизада баланын сөөгү ата-энесинин уруксатысыз союлган, ал эми соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен аларды тааныштырышкан эмес. Адвокаттын айтуусунда алар экспертизанын тыянагы чыкканын ММКлардан угушкан. Адвокат Ольга Цейтлина баланын өлүмүнө анын ата-энесин айыптоо аракеттери да болгонун, андан натыйжа чыкпаган соң, минтип вирусту таап чыгышканына нааразылыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG