Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Темир Сариев баштаган өкмɵт мүчɵлɵрү британдык «Гамлет» спектаклин кɵрүштү


Темир Сариев баштаган өкмɵт мүчɵлɵрү
Темир Сариев баштаган өкмɵт мүчɵлɵрү

7-ноябрда премьер-министри Темир Сариев баш болгон өкмөт мүчөлөрү Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында Улуу Британиянын “Глобус” театры койгон Уильям Шекспирдин “Гамлет” спектаклине күбө болушту. Премьер-министр Темир Сариев лондондук театрдын Кыргызстанда спектакль коюшун чоң маданий окуя деп баалап, классикалык дүйнө адабиятын жайылтуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Глобус” театры 1599-жылы Лондондо Уильям Шекспирдин катышуусунда негизделген. Аталган театр дүйнөлүк турнесинин алкагында Кыргызстанда биринчи жолу спектакль коюп жатат. Буга чейин "Глобус" театрынын глобалдык эки жылдык долбоору “Гамлет” спектакли менен ЮНЕСКОнун колдоосу аркасында 135 өлкөнү кыдырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG