Электр энергиясы үчүн төлөнүүчү акыга, маршруттук каттамдагы унааларда жүрүүгө жеңилдик берүүнү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өкмөттөн жана парламенттен сурашууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Сезим” коомдук фондунун төрагасы Камилжан Майнаев мындай өтүнүчтөр жазылган кайрылууларды өкмөткө, парламентке жолдогонун “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, өзгөчө элет жериндеги майыптар электр энергиясын көп колдонот, ошондуктан, акы төлөөдө жеңилдиктерге муктаж. Алар 2009-жылы “оптимизация” программасы менен алынып салынган майыптардын жеңилдиктерин кайтарып берүүнү сурашууда.
2009-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн электр энергиясына, коомдук автоунаада жүрүү жана башка жеңилдиктер алынып, анын ордуна пенсиясына 200 сом кошулган.
Буга чейин жеилдиктерди кайтарып берүү талабы менен майыптардын ассоциациясы президентке, өкмөткө, парламентке кайрылган. (ZKo)