Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:19

Мьянмада тарыхый шайлоо өтүүдө


Мяьнма
Мяьнма

8-ноябрда Бирма өлкөсүндө жалпы элдик шайлоо башталды. Бул шайлоо 53 жылдан бери уланып келаткан аскерий режимге чекит коюшу мүмкүн болгондуктан, тарыхый деп бааланууда.

2011-жылы Мьянмада бийлик жарандык өкмөткө өтүп, өлкөдө саясий-экономикалык реформалар башталган. Бирок аскерий лидер, генерал Тан Шве дагы эле президенттик тактыны ээлеп турат.

1990-жылкы шайлоодо Аун Сан Су Чжи баштаган “Демократия жана улуттук лига” партиясы уткан, бирок генералдар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, аскерий диктатура орногон. Партия лидери Аун Сан Су Чжи 15 жыл бою үй камагында болгон.

Бул ирет генерал Тан Шве элдин тандоосун сыйлоого убада берген. Бирок ыкчам өзгөрүүлөр бейпилдикке доо кетирерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG