Өткөн жумада Талды-Коргон шаарында өткөн эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын күч органдары кызматташууну дагы да жандантуу боюнча макулдашышты.
Талды-Коргондогу Ички иштер бөлүмү тараткан кабарга ылайык, Ысык-Көл, Чүй жана Алматы облустарынын милиция башкармалыктары маңзатка, уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы чогуу аракеттерди көрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Андан сырткары, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу багытында биргелешкен ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзмөй болушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз милиционерлери казак кесиптештеринин иш-тартиби, спорттук даярдыгы жана маданий эс алууга арналган мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. (SE)