Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Улгайгандар бекер укуктук жардам алууда


Бишкекте улгайган жарандарга бекер укуктук кеңеш берген кызмат иштеп жатат. Кыргыз-Орус (Славян) университетинен бүгүн "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган окуу жайдын Клиникалык юридикалык билим берүү борборунун адистери кайрылгандарга жарандык иштер боюнча жардам берүүдө.

Долбоордун кызматкерлеринин айтуусунда, соңку бир ай ичинде 10дон ашуун адам жардам сурап кайрылды. Негизинен үй талаш маселеси боюнча даттангандар көп.

Иш-чара "Улгайгандар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмеси менен бирге уюштурулду.

Карылардын жашоосунун сапаты жагынан быйыл Кыргызстан Help Age International Global Age Watch Index 2015 изилдөөсүнүн жыйынтыгында 96 мамлекеттин арасынан 51-орунду ээледи. Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 4,6 миң сом (78 АКШ доллары). КМШ ичинде бул эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири. (RK)

XS
SM
MD
LG