Бүгүн премьер-министр Темир Сариев республикалык бюджеттин аткарылышы жана жергиликтүү өндүрүшчүлөргө колдоо маселелерин талкуулаган жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы учурдагы дүйнөлүк кризис шартында мамлекеттик тиешелүү органдар ишти күчөтүп, казынаны толтуруу боюнча салык, бажы төлөмдөрүн чогултууну жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Салык жана Бажы кызматтарына ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.
- Президент жана өкмөт убада кылгандай, Кыргызстанды "бизнес үчүн бейиш жайга” айландырууга шарт түзүп берүү аракети жасалууда. Текшерүүлөрдү азайтып, бюрократиялык убаракерчиликтерди жок кылуу, электрондук отчет жүргүзүүгө өтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ошол эле учурда биз “ким салыкты толук төлөп, мыйзамды аткарса колдоого ээ болот, төлөбөсө тиешелүү чара көрүлөт” деген негизде иш алып барышыбыз керек, - деди Темир Сариев.
11-ноябрда Бишкекте Коррупцияга каршы форум өтөт. Анда бизнесмендерге шарт түзүү маселеси талкууланат. (RK)