10-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12,
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 9…11 градус болот.