Кувейттин алыскы айылдарына жакын жерде Американын учкучсуз аскерий учагы кулап түштү. Жапа чегүүлөр болгону тууралуу маалымат жок.
Перс булуңундагы бул чакан өлкөнүн коргоо министрлиги кырсык Али ал-Салем авиабазасынан анча алыс эмес Бир Мутла деген жерде болгонун кабарлады. Ал базада АКШ учактары менен аскер-аба күчтөрүн тейлеген топ жайгашкан.
Кувейт АКШ аскерлери Ирак армиясынын баскынчылыгынан бошотууга көмөктөшкөн 1990-жылдардан бери Кошмо Штаттардын жакын союздашы.
Кувейт Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан эл аралык коалициянын айрым мүчөлөрүнө - Батыш жана Араб өлкөлөрүнө аэродромун пайдаланууга берген.