Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Өкмөт башчы Бишкек – "Манас" жолун оңдоо иши менен таанышты

Бишкектеги жолдорун оңдоо
Бишкектеги жолдорун оңдоо

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Бишкек – "Манас" эл аралык аэропорту унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты. Өкмөт башчы бул жолдун өлкө үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, аны өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын билдирди.

- Бул борбор шаарыбызга киргендеги негизи жана мамлекеттик маанидеги жол. Аны оңдоодо комплекстүү түрдө иш алып барып, жергиликтүү бийлик жолдун эки тарабын көрктөндүрүүгө көңүл бурушу керек, - деди Темир Сариев.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, узундугу 24 чакырымды түзгөн жолду оңдоо 954 миллион сом деп бааланып, акча бөлүнүп берилүүдө. Учурда иш толук жүрүп жатат. Аны 2016-жылдын 20-августуна чейин бүткөрүү пландалууда.

Мындан соң премьер-министр “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына караштуу жаңы аэронавигациялык мунаранын абалы менен таанышты. Аны ишке берүү жараянын тездетүү жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. (RK)

​
XS
SM
MD
LG