Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Хорватиядагы шайлоодо оппозиция алдыга чыкты


Хорватия -- Оппозиция тарапкерлери алгачкы жыйынтыктан кийин. Загреб, 8-ноябрь, 2015.
Хорватия -- Оппозиция тарапкерлери алгачкы жыйынтыктан кийин. Загреб, 8-ноябрь, 2015.

Хорватиядагы парламенттик шайлоодо консервативдүү оппозиция алдыга чыкканы менен башкаруучу коалиция үчүн жетиштүү добуш ала алган жок. Канткен менен бул өлкө Европа Биримдигине кирген 2013-жылдан бери оппозициянын алгачкы жеңиши болду.

Өлөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн добуштардын 99 проценти саналып бүткөндөгү жыйынтык консерваторлор - Хорватия демократиялык союзу партиясы 151 орундуу парламенттен 59 орун аларын көрсөткөнүн билдирди. Бул партияны мурдагы ички иштер министри Томислав Карамарко жетектейт. Азыркы премьер-министр Зоран Миланович баштаган башкаруучу Социал-демократтар партиясына 56 орун тийсе, үчүнчү орунду 19 мандат менен "Мост" партиясы алды.

Муну менен эч кайсы партия өз алдынча өкмөт түзүүгө жетиштүү добуш алган жок. Эми оппозициялык партияга коалиция түзүү үчүн парламентке келген башка майда партиялар менен кыйын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келет. Премьер-министр Миланович болсо "Мост" партиясынын лидерлерин жаңы өкмөттү түзүү үчүн тез арада сүйлөшүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG