Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Иран ТВсындагы тамаша этникалык азербайжандарды көчөгө чыгарды


Иран -- Тебриздеги нааразылык акциядан. 9-ноябрь, 2015.
Иран -- Тебриздеги нааразылык акциядан. 9-ноябрь, 2015.

Ирандык азербайжандардын нааразылыгына жергиликтүү телеканалдагы балдардын белгилүү сатиралык программасында көрсөтүлгөн тамаша себеп болду. Fitilehha балдар программасында азербайжан тектүү бир бала тиш жууган шетка менен унитаз тазалагычты алмаштырып алганы тууралуу тамаша көрсөтүлгөн. Анда этникалык келекелөө, кемсинтүү камтылган деп эсептеген ирандык азербайжандар нааразылык акцияларына чыкты. Азербайжандар көп отурукташкан Тебриз, Урмии жана Занжан шаарларында 9-ноябрда өткөн ири нааразылык акцияларында азербайжандарга каршы расизмди токтотуу талабы коюлду.

Тебриздеги акциядан тартылган видеодо демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда эч кандай кагылышуу болбогону көрсөтүлгөнү менен күбөлөр Фарда радиосуна элди таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонулганын айткан.

Ирандын мамлекеттик IRIB телеканалынын жаңы жетекчиси Мохаммад Сарафраз жергиликтүү маалымат каражаттарына Fitilehha программасы эфирден алынганын билдирди. Ал ошондой эле нааразылык жараткан эпизод үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG