Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Иорданияда полициячы АКШдан келген инструкторлорду атып салды


Иордания полициясы бүгүн өлкө борбору Аммандын чет жакасында бир кызматкери Кошмо Штаттардан келген эки, Түштүк Африка Республикасынан келген бир инструкторду атып өлтүргөнүн билдирди. Андан кийин ал полиция кызматкери өзүн-өзү атып салган. Бул окуяда мындан сырткары дагы америкалык эки жаран жаракат алганы, биринин абалы оор экени кабарланды.

Иорданиянын өкмөттүк Al-Rai гезити полициячынын колунан ажал тапкандар Иордан полициясына кызматкерлерди даярдоо үчүн атайын чакырылган адистер болгонун жазып чыкты. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү иликтөө ишин баштады. Иорданиядагы АКШ элчилиги азырынча бул окуяны комментарийлей элек.

XS
SM
MD
LG