Варашвада бүгүн "Укук жана адилеттүүлүк" партиясынын лидери Ярослав Качинский өкмөттүн жаңы курамын жарыялады. Ага ылайык, министрлер кабинетин мурда күтүлгөндөй эле Беат Шидло жетектей турган болду. Тышкы иштер министрлигин Витольд Ващиковский, коргоо министрлигин болсо көпчүлүк чуулуу деп эсептеген Антони Мачеревич жетектейт. Ал 2005-2007-жылдары коргоо министринин орун басары болуп турганда Аскердик маалымат агенттигин жоюп салышын көптөр сынга алып, анын бул кадамын Польшанын коопсуздук кызматын алсыздандыруу деп санашкан. Бул өкмөт батышчыл болору айтылууда.
Польшада 25-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо оппозициянын “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы жеңишке жетип, бийликтеги “Жарандык платформа” партиясын сүрүп түшкөн.