Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Бийлик репрессия курмандыктарын эскербегенине каршы пикет өтөт


Чоң-Таштагы репрессия курмандыктарынын "Ата-Бейит" эстелиги
Чоң-Таштагы репрессия курмандыктарынын "Ата-Бейит" эстелиги

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сталиндик репрессиянын курмандыктары Кыргызстанда эскерилбей жатканына нааразы болуп, бүгүн Ак үйдүн алдында пикет өткөрөт. Ал колуна “Урматтуу президент, урматтуу депутаттар, репрессияда каза болгондор эскерилип турууга акылуу” деген жазуу кармап аларын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Активист муну даталуу күн катары белгилеп, атайын буйрук менен жылнаамага кошууну сунуштайт.

Кыргыз интеллигенциясынын 1938-жылы атылган 137 өкүлүнүн сөөгү 1991-жылы Бишкектин тоо тарабындагы Чоң-Таш деген жерден табылып, кайра жерге берилген жана ал жерге "Ата-Бейит" деген ат ыйгарылган.

Cоңку жылдары аларды эскерүү бийликтин көз жаздымында калатканы коомчулукта сындалып келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG