Бул тууралуу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынан билдиришти. Ага ылайык аталган театрдын чыгармачыл тобу 11-ноябрда Ж. Кулманбетовдун «Жаза», 12-ноябрда М. Мамазаированын «Кымгуут түшкөн бир кечте», 13-ноябрда Х. Хурсантовдун «Ата, кемпир алып берейинби?» жана 14-ноябрда И. Вырыпаевдин «Дели бийи» аттуу спектаклдерин жалпы көрүүчүлөргө акысыз ойноп беришет.
Спектаклдер ар күнү саат 16:00 башталат.
Ош улуттук драмa театры студенттер үчүн ар жылы жазгы, күзгү мезгилдерде тарбиялык мааниси чоң, студенттерди гуманизмге тарбиялаган спектаклдерди акысыз көрсөтөт. (ErN)