Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Чөгүп бараткан аялды куткарам деп мерт болгон милиционер бүгүн жерге берилет


Бүгүн Чүй облусунда сууга чөгүп бараткан аялды куткарам деп набыт кеткен милиционерди акыркы сапарга узатып жатышат. Окуя Токмок шаарында 8-ноябрда болгон. Бишкек-Торугарт унаа жолунунун 60-чакырымында шар аккан суу каналына түшүп кеткен 25-30 жаштагы аялды куткарам деп жатып Токмок шаардык милиция кызматкери, 26 жаштагы Тынчтык Абдрахманов да кошо мерт кеткен. Маркумдун 2 баласы жетим калды. Ал милицияда иштегенине 2 жыл болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG