Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:08

Тоңдо катуу шамал келтирген чыгым эсептелди

Ысык-Көлдүн Тоң районунда жекшемби түнү болгон катуу шамал 54 миң сом чыгым алып келди. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Көл-Төр айыл аймагындагы Көл-Төр жана Тогуз-Булак айылдарында бир саат бою ылдамдыгы секундасына 28-32 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон. Анын кесепетинен 4 турак жайдын, бир мектептин жана Маданият үйүнүн чатыры жабыркаган.

Окуя болгон жерде райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүздү. (RK)

XS
SM
MD
LG