Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Сариев: Төө буурчактын баасын өкмөт аныктабайт


Кыргызстанда дыйкандардан сатылып алынуучу төө буурчактын баасын өкмөт аныктабайт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Таласта «ГринАгро» ишканасына барганда айтты.

Өкмөт башчы бир да мамлекеттик орган дыйкан менен дүңүнөн сатып алуучу компанияга ортомчу боло албасын, бааны дүйнөлүк базар аныктарын белгиледи. Ошону менен катар Сариев өндүрүлгөн продукциянын сапатына да көңүл буруу керек экенин айтып, “Кыргызстанда сапатка жакшы маани берилбей жатат” деди. (RK)

XS
SM
MD
LG