Өкмөт Кыргызстанда төө буурчак өндүрүүчүлөр ассоциациясын түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн Таласта иш сапарда жүргөн премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Быйыл Кыргызстанда 70 миң тонна төө буурчак жыйналды. Облуста бир гана «ГринАгро» компаниясы аны бүгүнкү күнгө карата эң жогорку баада - 35 сомдон сатып алууда.
Өткөн айда дыйкандар эмгеги акталбай жатканын айтып, нааразылык акцияларын уюштурган болчу.
Темир Сариев «ГринАгро» компаниясынын иши менен таанышып чыгып, төө буурчактын баасын өкмөт эмес, дүйнөлүк базар аныктарын, сапатка да көңүл буруш керектигин, мамлекет которуштуруп айдоо жагынан жардам берерин кошумчалады. (RK)