13-14-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачындуу аба ырайы болот. Маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү пайда болгондуктан абайлаш керек. Кээ бир райондордо батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайытта мал кармоону кыйындатат.
Соңку бир нече күндөн бери Кыргызстанда аба ысып, күндүзгү температурасы 14-15 градуска чейин чыгууда.