Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Ашраф Гани хазарлардын өлтүрүлүшүн айыптады


Ооганстандын президенти Ашраф Гани
Ооганстандын президенти Ашраф Гани

Ооганстандын президенти Ашраф Гани шийит азчылыгынын жети өкүлүнүн өлтүрүлүшүн айыптады. 9-ноябрда жасалган билдирүүдө Забул провинциясындагы окуя мамлекет башчысын терең камтама кылганы айтылат.

Пакистан менен чек ара аймагындагы Аргандаб районунда хазарлардын – төрт эркек, үч аял жана жана бир баланын мууздалган сөөктөрү табылган. Алар 6-ноябрда өлтүрүлгөнү маалым болду. Провинциянын губернатору Мохаммад Анвар маркумдар кошуна Газни чөлкөмүнөн уурдалып кеткенин айтып, кылмыш үчүн “Ислам мамлекети” радикал уюмун айыптады. Забулда акыркы бир нече күндө талиптер менен аларга атаандаш топтор кагылышканда 50 чакты адам набыт кеткен. Ооган бийликтеринин ырастоосунда, жыл башынан бери экстремисттик топко ыктаган жүздөгөн үй-бүлө провинцияга көчүп келишкен.

XS
SM
MD
LG