Өкмөт башчы Темир Сариев Таласта эл менен жолукканда мыйзам бузуп, мамлекетти шантаж кылгандарга чара көрүлөрүн айтты:
- Кээ бир топтор түрдүү сөздөрдү айтып жүрөт. Беш-алтоо, балким алар өзүлөрү төө буурчак айдабайт, "тигилер келгенде машинесин тигинтип-минтип коебуз" деп элди дуулдөтүп жатат. Аларга чара колдонулат. Кубат бар, күч бар. Беш киши бүт мамлекетти шантаж кылганды токтотушу керек.
Таластык дыйкандар айдоо аянтынын 80% төө буурчак айдашат. Мындан 1-2 жыл мурда анын бир килограммын 100 сомдон ортомчу фирмалар сатып кетчү. Быйыл баа 25-30 сомдон көтөрүлбөй жаткандыктан эмгеги акталбай калганына нааразы дыйкандар өткөн айда акцияларды уюштурган.
Премьер-министр Темир Сариев болсо төө буурчактын баасын дүйнөлүк базар аныктарын, өкмөт ортомчу боло албасын айтууда. (RK)