Кыргызстанда диний билим берген окуу жай, медреселердин мугалимдери аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев билдирди. Мындай аттестация биринчи жолу уюштурулууда.
- Кандай билим берип жатышат? Бул жерде күмөн жарата турган фактылар көп. Радикалдык идеологияны сабак берип жаткан медреселер тууралуу маалымат бар, далилдеш кыйын, - деди Молдалиев.
Комиссия жетекчисинин айтымында, аттестация ушул айдын ортосунда башталат. (KE/RK)