Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Европа биримдиги Балканда мигранттар борборлорун түзөт


Европага жол тарткан мигранттар. Македония, 9-ноябрь, 2015-жыл
Европага жол тарткан мигранттар. Македония, 9-ноябрь, 2015-жыл

Европа биримдиги Балканда мигранттар үчүн борборлорду ачууну көздөөдө. Бул жөнүндө шаркетке мүчө мамлекеттердин кечээки жыйынында айтылды. Үстүбүздөгү жылы Европага ооп келген 800 миңдей бозгун Германияга “Балкан багыты” деп атыккан жол менен – Греция, Македония, Сербия, Хорватия, Словения жана Австрия аркылуу жетишкен. Биримдиктин Миграция иштери боюнча комиссары Димитрис Аврамапоулостун айтымында, ошол каттоо борборлору шаркетке кирбеген өлкөлөр – Македония жана Сербияда түзүлмөкчү. Ал жайларда куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан өлкөлөрдөн качып, баш паанек издеген адамдар менен экономикалык мигранттар иргелип турмакчы.

Кыштын келиши менен жеңил чатырларда баш калкалаган бозгундардын абалы кыйындады. Анын үстүнө Германия же Швеция өңдүү Батыш Европанын бакубат өлкөлөрүнүн качкындарды кабыл алууга чамасы жетпей баратат.

Акыркы маалыматтар боюнча 6-ноябрда Грециянын аралдарынан качкындарды ташуу иши калыбына келтирилгенден бери 10 миңден көп киши Македонияга жеткирилди.

XS
SM
MD
LG